Akchabarsearch
Нарында 70 млн сомдук фасаддык материал чыгаруучу ишкана иштеп баштады
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-27-08, 10:55

Нарында 70 млн сомдук фасаддык материал чыгаруучу ишкана иштеп баштады

Нарын шаарында фасаддык курулуш материалдарын чыгарган «Нарын Фасад өндүрүштүк ишканасы» иштеп баштады. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясы билдирди.

Маалыматка караганда, ишкана 2025-жылдын сентябрында түзүлүп, ага 70 млн сом инвестиция салынган.

Ишканада полимердик клей, жаракага туруктуу клей, шпаклёвка жана суюк мрамор өндүрүлөт. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 8–10 миң чарчы метр фасаддык материал чыгарууга жетет.

Ошондой эле ишканада 100гө жакын жаңы жумуш ордун түзүү пландалууда.


Тектеш материалды окуу