Akchabarsearch
Нарында эки комбайнды сатып алууда мамлекетке дээрлик 5 млн сом  зыян келтирилген

Жарыяланган

2026-10-09, 14:20

Нарында эки комбайнды сатып алууда мамлекетке дээрлик 5 млн сом зыян келтирилген

Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагына комбайн сатып алууда мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалым болгондой, буга чейин аталган айыл аймакка эки комбайн сатып алынган. Каржы министрлигинин Ички аудит кызматы текшерүү жүргүзүп, жанагы эки комбайнды алууда мамлекетке 4 млн 945 миң сом зыян келтирилгенин аныктаган.

Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. Анын жыйынтыгы менен тиешелүү кызмат адамдарынын иш-аракетине укуктук баа берилип, мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чаралар көрүлөт.


Тектеш материалды окуу