Akchabarsearch
    Улуттук банк аукционго кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарды чыгарат

    Жарыяланган

    2025-13-05, 08:49

    Улуттук банк аукционго кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарды чыгарат

    Бүгүн, 13-майда Улуттук банк аукционго 10 млн сомго кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарды — ноталарды чыгарат. 

    Алардын мөөнөтү: 14-майдан 21-майга чейин.

    Ноталардын кирешелүүлүгү Улуттук банктын эсеп ченине жараша болот. 

    Эскерте кетсек, Улуттук банк ноталар аркылуу каржы системасындагы каражаттарды жөнгө салат. Аларды негизинен коммерциялык банктар жана ири инвесторлор сатып алат.


    Тектеш материалды окуу