Akchabarsearch
Бажы кызматы туунду компаниясы аркылуу кытайлык капитал бар компаниянын 29% үлүшүнө ээ болду
Сүрөт алынган жер: www

Жарыяланган

2025-15-12, 10:25

Бажы кызматы туунду компаниясы аркылуу кытайлык капитал бар компаниянын 29% үлүшүнө ээ болду

Бажы кызматынын "Мамлекеттик бажы инфрструктурасы" компаниясы "Силк Агро Логистик" компаниясынын уставдык капиталынын 29.099% үлүшүн сатып алды. Келишим 8-декабрда түзүлдү. 

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалымат боюнча, "Силк Агро Логистик" айыл чарба өсүмдүктөрүн иштетүү менен алектенет. Ал 8-декабрда түзүлгөн. Компанияда кытайлык капитал бар. Анын үч негиздөөчүсү болсо, бири У Хонвэй аттуу киши. 

Эскерте кетсек, буга чейин Мамлекеттик бажы инфрструктурасы Мамлекеттик логистикалык компаниясынын 30% уставдык капиталына ээ болгон. 


Тектеш материалды окуу