
Жарыяланган
2025-15-12, 10:53BAKAI карта ээлеринин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, өлкөнүн каалаган аймагында каржылык кызматтарга жеткиликтүүлүктү жана кошумча ыңгайлуулукту камсыз кылды.
BAKAI өз кардарлары үчүн сервистерди жана инфраструктураны тынымсыз өркүндөтүп келет. Банкоматтар тармагынын функционалын кеңейтүүнүн алкагында, эми BAKAIдын бардык банкоматтары Mastercard төлөм тутумунун карталарын тейлөөгө кабыл алат.
Кардарлар BAKAIдын каалаган банкоматынан Mastercard карталары менен накталай акча алып, балансты текшерип жана негизги операцияларды жүргүзө алышат.
Биз банктык кызматтарды мүмкүн болушунча ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылууга умтулабыз. Mastercard төлөм тутумун банкоматтар тармагыбызга кошуу — бул кардарлар үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачкан жана эл аралык төлөм инфраструктурасы менен интеграциябызды күчөткөн өнүгүү баскычы.
BAKAI банкоматтарында жана POS-терминалдарында Mastercard карталарынын колдоого алынышы банктын сервистерин чектөөсүз пайдаланган колдонуучулардын санын дагы да көбөйтөт.



