Akchabarsearch
Ноокатта 260 млн долларга жер семирткич чыгарган завод салынууда

Жарыяланган

2026-21-07, 17:06

Ноокатта 260 млн долларга жер семирткич чыгарган завод салынууда

Ош облусунун Ноокат районунда 260 млн долларга жер семирткич чыгарган завод салынууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. 

Бул завод үч этап менен курулат. Учурда биринчи этап аяктап, административдик имараттын ачылыш аземи өткөрүлдү.

Планга ылайык, завод 2026-жылдын сентябрь айында жер семирткич өндүрүп, толук кандуу ишке кирет. 

Ал жылына 500 миң тонна жер семирткич өндүрүп турат. Аны ачууга жалпы 260 млн доллар кетет. 

Завод толук кубаттуулукта ишке киргенде 3 миңге жакын жумуш оруну түзүлөт. 


Тектеш материалды окуу