Akchabarsearch
Кыргызстанга Беларустан күйүүчү майдын алгачкы партиялары келе баштады

Жарыяланган

2026-21-07, 17:35

Кыргызстанга Беларустан күйүүчү майдын алгачкы партиялары келе баштады

Кыргызстан Беларустан күйүүчү-майлоочу материалдардын (КММ) алгачкы партияларын алды. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди.

Анын айтымында, Беларустан күйүүчү май жеткирүү боюнча Россия аркылуу транзит маселеси чечилип, учурда ташуу иштери жүрүп жатат. Бир нече вагон болгон күйүүчү май Кыргызстанга келип түштү.

Ошондой эле Кыргызстан Казакстан менен күйүүчү май жеткирүү боюнча учурдагы келишимдердин алкагында сүйлөшүүлөрдү улантууда.

Мындан тышкары, Кыргызстан Кытай менен күйүүчү май жеткирүүнүн көлөмдөрү боюнча макулдашууга жетишти. Бирок логистикалык өзгөчөлүктөргө байланыштуу жеткирүү көбүрөөк убакытты талап кылууда. 


Тектеш материалды окуу