Akchabarsearch
Кыргызстанда эң арзан бензин кайсы аймакта сатылууда?

Жарыяланган

2026-12-08, 18:01

Кыргызстанда эң арзан бензин кайсы аймакта сатылууда?

Кыргызстанда 12-августка карата А-92 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы 88.24 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, А-92 бензининин эң арзан орточо баасы Талас шаарында катталып, 82.39 сом деп белгиленген. Калган аймактарда баа 86 сомдон 91 сомго чейин болууда.

А-95 бензининин өлкө боюнча орточо баасы 109 сомду түздү. Бул үлгүдөгү эң арзан орточо баа Токмок шаарында — 97 сом деп катталган. Ал эми,башка аймактарда А-95 бензининин орточо баасы 101 сомдон 109.91 сомго чейин көрсөтүлгөн.

Ал эми дизель майынын орточо баасы 102.08 сомду түздү. Эң арзан дизель майы Токмок жана Манас шаарларында — 98 сомдон сатылууда. Калган аймактарда анын орточо баасы 99 сомдон дээрлик 110 сомго чейин болууда.
 


Тектеш материалды окуу