Akchabarsearch
АИ-95 бензини 120 сомго жетмек: өкмөт күйүүчү май баасын кармап калуу аракетин көрүүдө

Жарыяланган

2026-23-07, 12:20

АИ-95 бензини 120 сомго жетмек: өкмөт күйүүчү май баасын кармап калуу аракетин көрүүдө

Эгер мамлекет тарабынан жөнгө салуу чаралары көрүлбөсө, Кыргызстанда АИ-95 бензининин баасы 120 сомго, АИ-92 бензини 114 сомго, ал эми дизель майы 148–150 сомго чейин жетмек. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев «Азаттыкка» берген маегинде билдирди.

Министрдин айтымында, күйүүчү майдын кымбатташы жана тартыштыгы негизинен геосаясий кырдаалга, ошондой эле Орусиядагы мунай иштетүүчү заводдордун ишине байланыштуу болууда. Орусия ички рыногун камсыздоо үчүн күйүүчү майдын экспортун убактылуу чектеген.

Амангелдиев белгилегендей, өкмөт күйүүчү майдын баасын турукташтыруу боюнча чараларды көрүп, тартыштыктын алдын алуу үчүн иш алып барууда.

Учурда Кыргызстан күйүүчү май жеткирүүнүн альтернативдүү багыттарын карап жатат. Өлкө Беларустан жана Кытайдан күйүүчү май ала баштады. Ошондой эле Өзбекстан жана Казакстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Министрдин маалыматына ылайык, буга чейин өлкөдөгү күйүүчү майдын запасы эки-үч жумага гана жетсе, азыр бул көлөм бир жарым айга чейин көбөйтүлдү. Өкмөт минималдуу запасты эки жарым айга жеткирүүнү максат кылууда.

Данияр Амангелдиев өкмөт мындан ары да өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана күйүүчү май тартыштыгына жол бербөө боюнча иштерди улантарын кошумчалады.
 


Тектеш материалды окуу