Akchabarsearch
Кыргызстанда күйүүчү майдын орточо баасы боюнча эки мекеме эки башка маалымат берди

Жарыяланган

2026-03-08, 12:27

Кыргызстанда күйүүчү майдын орточо баасы боюнча эки мекеме эки башка маалымат берди

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы боюнча Улуттук статистика комитети менен Монополияга каршы кызмат эки башка маалымат берди.

2026-жылдын 31-июлуна карата Улуттук статистика комитети АИ-95 бензининин орточо баасы 108.49 сом, АИ-92 бензини 88.67 сом, ал эми дизель майы 101.69 сом болгонун билдирди.

Ал эми Монополияга каршы кызматтын маалыматы боюнча, АИ-92 бензининин орточо баасы 86.3 сом, дизель майы 98.9 сом деп көрсөтүлгөн. Ошондой эле автогаздын баасы 48.4 сом, газ баллону 879 сом экени айтылган.

Эки мекеменин эсебиндеги айырма АИ-92 бензини боюнча 2 сомдон ашса, дизель майы боюнча дээрлик 3 сомго жетип жатат.
 


Тектеш материалды окуу