
Жарыяланган
2026-25-08, 10:14Кыргызстанда күйүүчү майдын баасын кармап туруу үчүн мамлекет мунай сатуучуларга 956.1 млн сом бөлдү. «Акчабардын» эсептөөсүнө ылайык, бензин менен дизелдин баасынын 20%дан 27%га чейинки бөлүгүн мамлекет төлөп жатат. Башкача айтканда, ар бир төртүнчү-бешинчи литрдин акысын бюджет жабууда.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин айтымында, күйүүчү майды субсидиялоо улантылат.

Мунай сатуучулар ассоциациясынын маалыматына караганда, август айынын башынан бери айрым компаниялар АИ-92 бензинин тоннасына 1.4–1.45 миң доллардан, ал эми дизель майын 1.55–1.6 миң доллардан сатып ала баштаган. Бул күйүүчү май Кыргызстанга келе баштады.
Доллардын курсу 87.45 сом болгондо, жаңы келген АИ-92нин бир литри болжол менен 91.8–95.1 сомго, дизель майы 113.9–117.5 сомго түшөт.
Бул эсеп тоннадагы бааны литрге болжолдуу которуу менен чыгарылган. Акыркы баа күйүүчү майдын жеткирүү шарттарына, логистикага, салыктарга жана башка чыгымдарга жараша өзгөрүшү мүмкүн.
Ошол эле учурда май куюучу жайларда АИ-92 87.9 сомдон, дизель 99.9 сомдон сатылууда. Башкача айтканда, күйүүчү май өз баасынан арзан сатылууда.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын маалыматына ылайык, бардык чыгымдарды кошкондо АИ-92нин чыныгы баасы 111–118 сомду түзөт. Айдоочу 87.9 сом төлөйт, калган 23.1–30.1 сомду мамлекет компенсациялайт.
Дизель майынын чыныгы баасы 125–137 сомду түзөт. Анын 99.9 сомун айдоочу төлөсө, калган 25.1–37.1 сомду мамлекет бюджеттен жабат.

Демек, субсидия АИ-92нин чыныгы баасынын 20.8–25.5%ын, дизелдин 20.1–27.1%ын түзөт.
Мисалы, 50 литр АИ-92 үчүн айдоочу 4 395 сом төлөйт, ал эми мамлекет дагы 1 155–1 505 сом кошот. 50 литр дизель үчүн бюджеттен 1 255 сомдон 1 855 сомго чейин төлөнөт.

Бөлүнгөн 956.1 млн сом күйүүчү майдын түрүнө жараша болжол менен 24–48 млн литрдин баасынын айырмасын жабууга жетет.
Мындан тышкары, бийлик бардык аймактардагы май куюучу жайлар чектөөсүз иштешин талап кылды. Тиешелүү органдарга күйүүчү майды үзгүлтүксүз алып келүү, чек арадагы логистикалык маселелерди чечүү, жаңы жеткирүүчүлөрдү табуу жана мунай иштетүүчү заводду модернизациялоону аяктоо тапшырылды.



