Akchabarsearch
Макмалдан Караколго чейинки жаңы темир жол линиясы 3 млрд долларга бааланды

Жарыяланган

2025-19-02, 12:59

Макмалдан Караколго чейинки жаңы темир жол линиясы 3 млрд долларга бааланды

Бишкекте Кыргызстандын тарыхында темир жол транспорту тармагында биринчи болуп кала турган мамлекеттик-жеке өнөктөштүк “Трансевразиялык каттам” долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюлду.

Долбоор Макмал айылынан Каракол шаарына жаңы темир жол линиясын курууну камтыйт, анын жалпы суммасы 3 миллиард долларга жакын инвестицияны түзөт.

Келишим Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги, "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы жана All American Rail Group Global Infrastructure Partner LLC консорциумунун ортосунда түзүлдү.

Бул жаңы жумуш орундарын гана камсыздабастан, транспорт тармагын кыйла жакшыртып, өлкө үчүн узак мөөнөттүү келечекте экономикалык пайда алып келет деп күтүлүүдө.


Тектеш материалды окуу