
Жарыяланган
2026-19-02, 13:15Нурланбек Тургунбек уулу депутаттык мандатын тапшырды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
Ал акыркы мезгилдерде ден соолугу жакшы болбой, дары-дармек менен жүргөнүн билдирди.
“Муну мени жакындан билгендер жана чогуу иштешкендердин баары эле билишет. Ошол үчүн мындан ары саясаттан оолак болуп, саламаттыгымды карап, жеке жумуштарым менен алек болуу максатында депутаттык мандатты тапшырууну чечтим”, - деп жазды ал.



