
Жарыяланган
2026-04-02, 11:31Депутат Кундузбек Сулайманов айдоочулук күбөлүк алуу үчүн 10 айлык окуу мөөнөтүн кайра кароону сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул маселени кайрадан коомдук талкууга коюу зарыл.
"Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн 10 ай окуу көп экенин мен да мурда айткам. Муну эл айтып жатат, анын ичинде менин да пикирим дал келет. Бул маселени кайра коомдук талкууга коюу керек. Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн 10 ай окуу туура эмес. Жол кырсыктарынын көбөйүп жатканы баарыбызды ойлондурат, ар бирибиз тынчсызданып жатабыз", - дейт ал.
Депутат элдин нааразычылыгын учөтпөө керектигин айтты.
"Айтылган сын-пикирлер жүздөгөн, миңдеген шайлоочуларыбыздын үнү. Буга чейин аткаруу бийлигине каршы чыккан эмесмин. Азыр сунуш айтып жатабыз. Элдин нааразылыгын көбөйтпөгүлө. Өкмөттүк саат өткөрүп, депутаттар менен аткаруу бийлигинин ортосундагы мамилени түздөө керек", — деди депутат.



