
Жарыяланган
2026-14-01, 17:52Эски айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда 083 маалымкат талап кылынбайт. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев фейсбуктагы түз эфир учурунда билдирди.
“Бейтапканаларда 083 маалымкат алуу боюнча кезек күтүүлөр орун алып жатканы айтылды. Эски айдоочулук күбөлүк алып барсаңар, аны бекер алмаштырып берет. Эски айдоочулук күбөлүк болгондон кийин 083 маалымкат талап кылынбайт. Бул маалымкат айдоочулук күбөлүктү жаңы алып жаткандарга гана керек”, - деди Туманбаев.



