Akchabarsearch
Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк бекитилди

Жарыяланган

2025-04-12, 12:11

Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк бекитилди

Министрлер кабинети 2025-жылкы үлгүдөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүн киргизүү маселелери боюнча токтом кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

2019-жылкы үлгүдөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн бланктары аяктагандан кийин 2025-жылкы үлгүдөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүн берүү жүргүзүлөт. 

Президенттин иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси Кыргызстандын 2025-жылкы үлгүдөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүн персонификациялоого ыйгарым укуктуу. Тышкы иштер министрлигине чет мамлекеттерди Кыргызстанда 2025-жылкы үлгүдөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн киргизилиши тууралуу маалымдоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү тапшырылды.


Тектеш материалды окуу