Akchabarsearch
Президент жарандарды айдоочулук күбөлүк алуу үчүн 10 айлык окутууга каршы чыкпоого чакырды

Жарыяланган

2026-03-02, 13:58

Президент жарандарды айдоочулук күбөлүк алуу үчүн 10 айлык окутууга каршы чыкпоого чакырды

Президент Садыр Жапаров жарандарды айдоочулук күбөлүк алуу үчүн 10 айлык окутууга каршы чыкпоого чакырды. Бул тууралуу ал “Унаа” мамлекеттик мекемесине барганда билдирди.

Ал 10 айлык окутуу көп эмес экенин белгилеп, бул иштер келечек үчүн жасалып жатканын айтты.

“Автомектепде эки жарым ай, үч ай окуп азыр жылдап экзамен тапшыра албай жүргөндөр бар. Ошондуктан мен сиздерден суранарым, 10 ай аябай көп экен дебегиле. Мен баарын карап отуруп анан ушул жерге келдим. Биз келечек үчүн жасап жатабыз туугандар, каршы чыкпагыла”, - деди ал. 

Президент айрымдардын кызыкчылыгын коргобоого чакырды.

“Кээ бирлердин үч-төрттөн жеке менчик мектери бар. Алар акча жасагысы келет. Алардын артында кимдер тура турганын билем”, - деди президет.


Тектеш материалды окуу