Akchabarsearch
Айдоочулук күбөлүгүн алмаштырып жаткандар гепатитке каршы вакцина ала алышат

Жарыяланган

2025-29-12, 17:18

Айдоочулук күбөлүгүн алмаштырып жаткандар гепатитке каршы вакцина ала алышат

Айдоочулук күбөлүгүн алмаштырып жаткан жарандар гепатитке каршы вакцина ала алышат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жарандар 083 формасындагы маалымкат алуу үчүн медициналык кароодон өтөт. Анда алар  Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда акысыз, ыктыярдуу түрдө гепатит В, С, АИВге тесттен өтсө болот. 

Ошону менен катар эле гепатитке каршы вакцина ала алышат. Тестирлөө жана эмдөө айдоочулук күбөлүктү алууга таасирин тийгизбейт.


Тектеш материалды окуу