Akchabarsearch
Депутат кайсы өлкөлөрдө жол эрежесин бузган айдоочуну токтотуп, сынак алуу тажрыйбасы бар экенин сурады

Жарыяланган

2026-04-03, 13:28

Депутат кайсы өлкөлөрдө жол эрежесин бузган айдоочуну токтотуп, сынак алуу тажрыйбасы бар экенин сурады

Бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңеште депутат Дастан Бекешев кайсы өлкөлөрдө жол эрежесин бузган айдоочуну токтотуп, сынак өткөрүү тажрыйбасы бар экенин сурады.

Парламентте жол эрежесин одоно бузган айдоочуларды кайра сынак тапшырууга жөнөтүүгө багытталган мыйзам долбоору каралууда.

“Бул мыйзам долбоорун кабыл алсак, бардык МАИ кызматкерлерин миллионер кылабыз. Алар жакшы байып алышат. Бизде кайсы кызматка коррупцияга каршы күрөшүүнү тапшырса, ошолор байып кетишет. Айдоочуну токтотуп, жол эрежеси боюнча сураган адам өзү деле эрежени жакшы билбейт. Бул коррупцияга алып келет. Кайсы өлкөдө айдоочуну жол эрежесин бузганда токтотуп билимин текшерүү тажрыйбасы бар?” — деп сурады депутат.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов башка өлкөлөрдө мындай практика жок экенин белгиледи.

“Биз башка өлкөлөрдү да карап чыктык, мындай практика аларда колдонулбайт. Бирок биз киргизип жатабыз. Кыргызстанда ИИМ санариптештирүүгө өткөндөн кийин МАИ кызматкерлерине боди-камералар жана планшеттерге камера орнотулган. Бул коррупцияга жол бербейт,” — деди министрдин орун басары.


Тектеш материалды окуу