
Жарыяланган
2026-01-04, 15:35Депутат Таалайбек Сарыбашов туризм тармагындагы шарттарды жакшыртуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Сарыбашовдун айтымында, 2025-жылы туризм тармагынан мамлекеттик бюджетке 1 миллиард сом түшкөн.
Ал жайкы туристтик сезон жакында башталарын айтып, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстанга туристтердин агымы көбөйүшү мүмкүн экенин белгиледи.
Депутат жергиликтүү бийлик органдарын, Ысык-Көл облусунда гана эмес, өлкөнүн башка аймактарында да туристтер үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча чара көрүүгө чакырды.



