
Жарыяланган
2026-05-03, 11:09Бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев 9-класстын окуучуларына ЖРТ тапшыруунун зарылдыгы жок экенин айтты.
Ал бул маселени тиешелүү мамлекеттик органдар карап чыгуусу керектигин белгиледи.
“Азыркы учурда 9-классты аяктап, колледжге тапшырууну каалаган окуучулар ЖРТдан өтүшү керек болуп жатат. Эмне үчүн мындай болуп жатат? Аларга ЖРТ эмне үчүн керек?” — деди депутат.
Ошондой эле ал ЖРТнын жыйынтыгы узак убакытта чыгып жатканын белгилеп, бул тармакты санариптештирүү зарылдыгын кошумчалады.



