Akchabarsearch
Президент: Депутаттардын кадыр-баркынын түшүп кетиши менден же министрден көз каранды эмес

Жарыяланган

2026-11-03, 12:17

Президент: Депутаттардын кадыр-баркынын түшүп кетиши менден же министрден көз каранды эмес

Бүгүн, 11-мартта, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов депутаттардын кадыр-баркы тууралуу маселе көтөрдү.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдон мыйзамдуулукту камсыз кылууну суранган.

“Министрлерге барганда өзүбүздүн көйгөйүбүз менен барбайбыз да, алар бизди кабыл албаганга аракет кылышат. Мен көп убакыт сыртта күтүп турам. Мыйзамдуулукту ордуна алып келүүнү суранам”, — деди Кокулов.

Президент депутаттардын кадыр-баркынын түшүп кетиши андан же министрден көз каранды эмес экенин айтты.

“Бул ар бир депутаттын өзүнөн көз каранды. Майда-чүйдө маселени көтөрүп, болор-болбос бир нерсе менен элдин алдында уят болуп жатсаңар, эл кантип сыйлайт? Депутат орчундуу маселени көтөрүшү керек”, — деди Жапаров.

Ал министрлерге депутаттарды күтүүсүз кабыл ала турган шарттарды түзүүнү тапшырды.


Тектеш материалды окуу