Жарыяланган
2025-14-08, 10:18Президент Садыр Жапаров VII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун катышуучуларына кайрылуу жолдоп, аны президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Азамат Кадыралиев окуп берди.
Кайрылууда президент Кыргызстан КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинде экономикалык өсүш боюнча эң жогорку көрсөткүчтөргө жетип жатканын айткан: акыркы үч жыл аралыгында жылына орточо 9% өсүш.
Быйылкы форум "Санариптик эгемендүүлүк: ЕАЭБдеги туруктуу өсүш жана технологиялык кооперациянын фактору" деген темага арналып өтүүдө. Форумдун темасынын оюн улай Садыр Жапаров технологиялык көз карандысыздык, санарип маалыматтарды коргоо жана улуттук IT-инфраструктураны өнүктүрүү биринчи орунда турган маселелер экенин белгилеген. Анын айтымында, ЕАЭБге кирген мамлекеттер санариптик трансформация боюнча аймактагы лидер, дүйнөлүк технология рыногунда активдүү катышуучу боло алат.
Президент 2024-жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода-сатык 25%га өсүп, 3,9 млрд долларга жеткенин айткан. Кыргыз товарларынын Россияга экспорту дээрлик 40%га арткан. Ошондой эле, Россия Кыргызстанга 280 млн доллар түз инвестиция салган. Бул инвестицияларды тартууда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду орду чоң. Фонд 3.6 миңден ашык долбоорго 900 млн доллардан көп каражат берген.
Садыр Жапаров форум ишкердик байланыштарды бекемдеген маанилүү аянтча экенин белгилеген. Ал быйылкы форумдун алкагында алгач ирет Петербург эл аралык экономикалык форумунун көчмө жыйыны өтүп жатканын айтып, бул Кыргызстан евразиялык интеграцияда өз ордун бекемдеп жатканынан кабар бере турганын билдирген.