Жарыяланган
2025-30-05, 15:03Кыргызстандын курулуш тармагында 2 миңден ашык чет өлкөлүк иштеп жатат. Бул тууралуу курулуш министри Нурдан Орунтаев бүгүн, 30-майда Жогорку Кеңештин "Мекенчил" депутаттык тобунун жыйынында билдирди.
Курулуш тармагында көйгөй көп деген Орунтаев анын биринчиси жумушчулардын жетишсиздиги экенин айтты.
"Республика боюнча жүрүп жаткан курулушта 2 миңден ашык киши башка өлкөдөн келип иштеп жатат. Айылдарда салынып жаткан объектилерге жергиликтүү тургундар иштегени келбейт жатат. Акча каражаты боюнча маселе жок. Бүгүнкү күнү айлык маяналар да жогору", - дейт ал.