Akchabarsearch

    Жарыяланган

    2024-12-09, 17:59

    Орусия Кыргызстанда эки чакан ГЭС курат

    Орусия Кыргызстанда "Чандалаш" жана "Жерүй" чакан ГЭСтерин курат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти. 

    Маалыматка ылайык, тиешелүү келишимдер Ысык-Көлдөгү кыргыз-орус экономикалык форумунун жыйынтыгында жетишилди.

    Жалал-Абад облусундагы "Чандалаш" ГЭСи менен Таластагы "Жерүй" гидроэлектрстанциясы 80 млн долларга бааланды.

    Форумдун алкагында эки өлкөнүн ортосунда жалпы 265 млн долларлык келишим түзүлгөнү кабарланды. Анын ичинде "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасын биргелешип оңдоо, Бишкекте мейманкана куруу, Чүйдө таштандыны кайра иштетүү жана башка келишимдер бар.  


    Тектеш материалды окуу

    • Кадамжайда "Кожо-Кайыр" кичи ГЭСи курулууда

      Баткендин Кадамжай районунун Сары-Алтын айылынан агып өткөн Кожо-Кайыр каналына кичи ГЭС курулууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
      2025-30-04 08:06:23
    • Папан ГЭСин курууга даярдык иштери башталды

      Кара-Суу районунда Папан ГЭСин курууга даярдык иштери башталды. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, учурда ГЭСке алып баруучу жолдун курулушу жүрүүдө
      2025-25-03 10:20:13
    • Нарын дарыясына Казарман ГЭСтер каскадын куруу пландалууда

      Нарын дарыясына Казарман ГЭСтер каскадын куруу пландалууда. Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, долбоордун алкагында жалпысынан үч ГЭС: Алабуга, Кара-Булуң ГЭС-1 жана Кара-Булуң ГЭСи курулат
      2025-20-03 11:50:37
    • Орто-Токой ГЭСинин курулушу уланууда

      Орто-Токой ГЭСинин курулушу уланууда. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, учурда туннель төшөлүп, ГЭСтин пайдулабы казылып, кирүүчү жолдору курулууда, ошондой эле биринчи гидроэнергетикалык жабдуулар жеткирилди
      2025-11-02 09:48:23