
Жарыяланган
2026-03-09, 17:39Өзгөн районунун Кара-Тарык айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулду. Объекттин курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы наркы 109 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Жаңы мектептин жалпы аянты 1281 чарчы метр, эки кабаттуу болуп курулган.Мектепте окуу класстары, компьютердик класс, лаборатория, эмгек кабинети, жыйындар залы, ашкана, китепкана жана спорт залы каралган.
2026-2027-жаңы окуу жылынын башталышы менен мектеп пайдаланууга берилип, эки мөөнөт менен 400гө жакын окуучуга билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.



