
Жарыяланган
2026-27-08, 18:00Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында балдар көркөм мектеби жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилет. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 38.6 млн сомду түздү.
Маалыматка ылайык, имарат эки кабаттуу болуп курулуп, жалпы аянты 479 чарчы метр. Мектепте окуучулардын сапаттуу билим алуусу жана чыгармачылык менен алектенүүсү үчүн бардык шарттар каралып, музыкалык жабдуулар менен камсыздалган.
Долбоор Таш-Көмүр шаарынын таланттуу жаштарына заманбап шарт түзүүгө жана колдоого багытталган.




