
Жарыяланган
2026-18-06, 13:56Ош облусунун Ноокат районундагы Тескей-Кожоке айылында 120 орундуу бала бакча салынууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Объекттин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 77 миллион сомду түзөт.
Долбоорго ылайык, аянты 1650 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат курулууда.
Бүгүнкү күндө канализация тармактарын орнотуу иштери жүргүзүлүп, имараттын сырткы фасадын сырдоо иштери аткарылууда.
Курулуш-монтаждоо иштерин жыл аягына чейин толук бүтүрүп, бала бакчаны пайдаланууга берүү пландалууда.



