Akchabarsearch
Жети-Өгүздө 102 млн сомго жаңы мектеп курулуп жатат

Жарыяланган

2026-13-07, 15:04

Жети-Өгүздө 102 млн сомго жаңы мектеп курулуп жатат

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында 275 орундуу Э. Гапаров атындагы жаңы мектептин курулушу уланууда.

Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, анын жалпы баасы 102 млн сомду түзөт. Курулуш иштери 2024-жылдын октябрь айында башталган.

Долбоорго ылайык, мектеп эки кабаттуу заманбап имарат болот. Анда лабораториялар, китепкана, ашкана, компьютердик класс, жыйындар залы жана спорт залы каралган.

Мектептин жалпы аянты 1 596 чарчы метрди түзөт. Учурда терезелери толугу менен орнотулуп, ички жана тышкы курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Курулуш иштеринин жүрүшү жана сапаты Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө.


Тектеш материалды окуу