Akchabarsearch
Караколдо 440 млн сомго мектеп курулууда

Жарыяланган

2026-16-06, 17:32

Караколдо 440 млн сомго мектеп курулууда

Каракол шаарында 750 орундуу жаңы мектеп курулуп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, анын жалпы баасы 440 млн сомду түзөт.

Жаңы билим берүү мекемесинин жалпы аянты 5 миң 257 чарчы метр болот. Анда окуу класстары, ашкана, жыйындар залы жана спорт залы каралган. Ошондой эле мектептин аймагында волейбол, баскетбол жана футбол аянтчалары курулат.

Курулуш иштеринин жүрүшү Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

Мектеп пайдаланууга берилгенден кийин эки нөөмөт менен 1 миң 500дөн ашык окуучуга билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.


Тектеш материалды окуу