
Жарыяланган
2025-11-11, 17:45Ош шаарынын мэриясы кызматтык пайдалануу үчүн электромобилдерди сатып алат. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.
Маалыматка караганда, бүгүн, 11-ноябрда Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы электромобилдерди сатып алуу боюнча тендер жарыялады.
Мэрия BYD YUAN AP маркасындагы алты жана SONG PLUS маркасындагы бир (2025-жылкы үлгү) электромобиль сатып алууну пландап жатат.
Аларга бөлүнгөн жалпы сумма 9 млн 990 миң сомду түзөт.
Товар жеткирүүчүлөрдөн сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү 14-ноябрда аяктайт.


