Akchabarsearch
Ош облусунда жыл аягына чейин 500 чакырым жол асфальтталат

Жарыяланган

2026-24-08, 12:30

Ош облусунда жыл аягына чейин 500 чакырым жол асфальтталат

Ош облусунда 2026-жылы жалпысынан 500 чакырым жолду асфальттоо пландалууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Анын ичинде Араван районунда республикалык бюджеттин эсебинен 80.8 чакырым жолго асфальт төшөө каралган.

Буга чейин Ноокат – Араван – Дөбө-Коргон багытындагы 6,4 чакырым, Партсъезд – Ленин багытындагы 4 чакырым жана Уйгур-Абад – Лангар – Дөбө-Коргон багытындагы 8.1 чакырым жол асфальтталып, пайдаланууга берилген.

Мындан тышкары, Араван районунда дагы асфальттоо иштери аяктаган жолдор пайдаланууга берилүүдө. Пландалган жол курулуш иштерин жыл аягына чейин толук бүтүрүү каралган.


Тектеш материалды окуу