Akchabarsearch
Ошто буздурулган 1 миң 100дөн ашык үйдүн 835инин ээлери кенемте ала элек

Жарыяланган

2026-14-10, 09:42

Ошто буздурулган 1 миң 100дөн ашык үйдүн 835инин ээлери кенемте ала элек

Ош шаарында буздурулган 1 миң 100дөн ашык үйдүн 835инин ээлери кенемте ала элек. Бул тууралуу 13-октябрда Жогорку Кеңештин комитетинин көчмө жыйынында шаардын мэри Жанарбек Акаев билдирди. Ал эч бир жаран турак жайсыз калбашы керектигин белгиледи.

Жыйында Ош шаарынын жана Ош облусунун 2026-жылдын тогуз айындагы бюджетинин аткарылышы, бөлүнгөн каражаттардын пайдаланылышы жана 2027-жылга республикалык бюджеттин долбоору талкууланды.

Финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаевдин маалыматына караганда, 2026-жылы Ош облусундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттери 4 млрд 400.8 млн сомду, Ош шаарыныкы 5 млрд 205.5 млн сомду түзгөн. Жалпы сумма 9 млрд 606.3 млн сомго жеткен.

Жыйындын жүрүшүндө депутаттар социалдык объекттердин курулушун тездетүү, ооруканаларды жаңылоо, таза суу менен камсыз кылуу жана жолдордун сапатын жакшыртуу маселелерин көтөрүштү. Ошондой эле 2019-жылы курулушу башталган Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын имаратынын кечигип жатканы жана Түштүк аймактык онкологиялык борбордун курулушун тездетүү зарылдыгы айтылды.

Мындан тышкары, депутаттар Кара-Суу районунун Савай айыл аймагын таза суу менен камсыз кылуу, шаардагы унаа тыгындарын азайтуу, базарларды көчүрүүдөн улам ишкерлер тарткан чыгымдар жана «Коопсуз шаар» долбоорун толук ишке ашыруу маселелерине токтолушту.

Депутат Камила Талиева көйгөйлүү социалдык объекттерди оңдоого кошумча каражат бөлүүнү сунуштады.

Комитет төрагасы Алтынбек Кудайбердиев базарлардын жана айрым ишкердик субъекттеринин толук кандуу иштебей жаткандыгынан улам салыктык эмес кирешелер боюнча план аткарылбай жатканын белгиледи.

Жыйынтыгында комитет көчмө жыйындын алкагында тиешелүү чечим кабыл алды.
 


Тектеш материалды окуу