
Жарыяланган
2026-04-11, 11:44Мамлекеттик финансылык холдинг Ош облусунун Араван районундагы цемент заводун куруу, жаңылоо жана өндүрүш кубаттуулугун кеңейтүү долбоору боюнча кепилдик келишимин түздү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын маалыматында айтылат.
Маалыматка ылайык, үч тараптуу келишимге 27-октябрда Мамлекеттик финансылык холдинг, «Элдик Банк» жана «Синьжи-Пирим» компаниясы кол койгон.
Долбоордун алкагында «Синьжи-Пирим» цемент заводун жаңылоо жана кеңейтүү пландалууда.
Документ Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июнундагы № 435-т тескемесинин негизинде түзүлгөн.



