Akchabarsearch
Ош шаарынын А.Навои атындагы паркына 5 миң түп көчөт отургузулат

Жарыяланган

2026-27-01, 15:17

Ош шаарынын А.Навои атындагы паркына 5 миң түп көчөт отургузулат

Быйыл Ош шаарындагы Алишер Навои атындагы паркка 5 миң түп көчөт отургузулат. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.

Таңкы рейд учурунда шаар мэри Жеңишбек Токторбаев парктагы алынып салынган соода-сатык жайларынын ордуна 5 миң түп көчөт отургузуу тапшырмасын берген.

Белгилей кетсек, буга чейин шаар башчысы аталган парктагы бир катар соода-сатык жайларын алып салуу боюнча көрсөтмө берген. 

Мындан тышкары, парк аймагындагы “Палван-Сарай” имаратынын орду келечекте эс алуу жайы катары уюштурулат.
 


Тектеш материалды окуу