Akchabarsearch
Ош шаарынын экс-вице-мэрине таандык 4 кабаттуу имарат буздурулат

Жарыяланган

2026-27-01, 18:00

Ош шаарынын экс-вице-мэрине таандык 4 кабаттуу имарат буздурулат

Ош шаарынын экс-вице-мэри Алимжан Байгазаковго таандык Тилеке Баатыр көчөсүндө жайгашкан 4 кабаттуу имарат буздурулат. Бул тууралуу Ош мэриясы билдирди.

Шаар мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн эртең менен рейд жасап, тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен имаратты жеринен көрүп чыккан.

Имарат эски автобекеттин жери менен Ак-Буура дарыясынын корук аймагына мыйзамсыз курулган. Мындан мурун бир нече ирет эскертүү берилген, бирок ээси имаратты бузган эмес.

Буга байланыштуу мэр аталган имаратты жана жанындагы объекттерди, анын ичинде колдонулбаган №1 автобекетти бузуу тапшырмасын берди
 


Тектеш материалды окуу