Akchabarsearch
Ошто 125 унаага эсептелген 5 кабаттуу унаа токтомо салынат

Жарыяланган

2025-31-10, 13:44

Ошто 125 унаага эсептелген 5 кабаттуу унаа токтомо салынат

Ош шаарында көп кабаттуу унаа токтоочу жай курулат. Бул тууралуу мэрия билдирди. 

Шаар бийлиги жолдогу тыгын, унаа токтото турган жайлардын жетишсиздиги калаадагы негизги көйгөйлөрдүн бири болуп жатканын белгилейт. Аталган маселени чечүү үчүн көп кабаттуу унаа токтотуучу жай салынганы жатат. Учурда анын долбоору иштелип чыкты. Ага ылайык, унаа токтотмо калаанын чыгыш тарабындагы Н. Исанов көчөсүндө жайгашат. Имарат 5 кабаттан туруп, 125 унаа бата турган болот. 


Тектеш материалды окуу