Akchabarsearch
Кыргызстанга импорттолгон бордун көбү Өзбекстандан сатып алынды

Жарыяланган

2025-03-11, 13:06

Кыргызстанга импорттолгон бордун көбү Өзбекстандан сатып алынды

Кыргызстанга быйыл январь-август айларында 2 миң 55.3 тонна бор импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Бор Кыргызстанга төрт өлкөдөн ташып келинген. Анын көбү же 2 миң 27.8 тоннасы коңшу Өзбекстандан импорттолгон. Дагы 5.3 тонна – Индонезиядан, 1.3 тонна – Казакстандан жана 900 кг – Кытайдан келген.

Импорттолгон бордун жалпы баасы 9.6 млн сомду түзгөн.


Тектеш материалды окуу