Akchabarsearch
Экспорттун көлөмү 23.7%га төмөндөдү

Жарыяланган

2025-03-11, 16:47

Экспорттун көлөмү 23.7%га төмөндөдү

Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын жалпы көлөмү быйыл январь-август айларында 9 млрд 848.1 млн доллар болду. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9.1%га аз. 

Экспорттун көлөмү 1 млрд 730.1 млн долларды түзүп, негизинен КМШ өлкөлөрүнө товар чыгаруу 26.9%га азайгандыктан, жалпы экспорт 23.7%га төмөндөгөн.

Импорт болсо 8 млрд 118 млн доллар болуп, КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн товар алып келүү 13.1%га азайгандыктан, жалпы импорт 5.2%га кыскарган.

Жалпы сооданын түзүмүндө экспорттун үлүшү 17.6%, импорттун үлүшү 82.4%ды түздү.

 


Тектеш материалды окуу