
Жарыяланган
2025-14-10, 14:142024-жылы Европа Кыргызстан импортко караганда экспортту көп жасаган континент болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Кыргызстан Европага 2 млрд 462.6 млн долларга товар экспорттогон, ошол эле учурда Европадан 851.2 млн долларга товар импорттогон. Тактап айтканда Кыргызстан Европа өлкөлөрүнө 1.6 млрд долларга көбүрөөк товар саткан.
Мындай жыйынтыкка негизинен эки себеп болушу мүмкүн:
— Кыргызстан Европага алтынды көп экспорттогон. 
— Кыргызстан европалык товарларды мурунку жылдарга караганда аз сатып алган. Маселен, 2022-жылга салыштырмалуу импорт дээрлик 4 эсе азайган.
Салыштырсак, 2 жыл мурда Кыргызстандын Европага экспорту импортко караганда 1.9 млрд долларга аз болгон.



