
Жарыяланган
2025-03-11, 18:18Кыргызстанда 2025-жылдын үлгүсүндөгү жаңы биометрикалык паспорттор чыгарыла баштады.
Бүгүн, 3-ноябрда жаңы үлгүдөгү паспорттор ээлерине тапшырылды. Ошол эле учурда буга чейинки паспорттор мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу болот.
Аталган паспорттордо коргоо элементтери күчөтүлүп, жаңы мамлекеттик туунун сүрөтү түшүрулгөн жана башка бир катар өзгөртүүлөр киргизилген.
Кыргызстан өз паспортторун - чет элдик паспорт менен ID-картаны 2024-жылдын май айынан тарта өзү чыгара баштаган. Алар “Учкун” ишканасында даярдалат.



