Akchabarsearch
Тетиктерге бөлүш керек болот. Чет өлкөлүк номерлүү унааларга рейд жүрөт

Жарыяланган

2025-03-11, 17:28

Тетиктерге бөлүш керек болот. Чет өлкөлүк номерлүү унааларга рейд жүрөт

Жакынкы күндөрү мыйзамдаштырылбаган чет өлкөлүк номерлүү унааларга карата рейд жүргүзүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) башчысынын орун басары Эмил Жакыпов билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштырууга 1-октябрга чейин убакыт берилген. Мыйзамдаштырылган унаалар 10-региондун коду берилген номерлерди алышкан. Ал эми чет элдик номерлүү темир тулпарын мыйзамдаштырууну каалабагандар унаасын өлкөдөн чыгарып кетиши керектиги же тетиктерге бөлүп сатышы зарыл экени же болбосо утилизация кылышы керектиги эскертилген. 

Эми жакынкы арада мыйзамдаштырылбаган чет өлкөлүк номерлүү унааларга карата чоң рейд жүргөнү жатат. Рейд учурунда аныкталган унаалар айып короого коюлат. 

ЖКККББнын маалымат кызматынын башчысы Байгазы Айтикул уулу билдиргендей, аталган темир тулпарлар айып короого коюлгандан кийин аны тетиктерге бөлүп гана алып кетүүгө болот. Болбосо айып короодон чыгарылбайт. Ошондой эле ал унааны өлкөдөн чыгарып кетүүгө уруксат берилбейт.


Тектеш материалды окуу