
Жарыяланган
2025-03-11, 14:19Президент Садыр Жапаров 4-5-ноябрда Мисирге (Египет) расмий сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
Бул визит өлкөнүн эгемен тарыхында Кыргызстандын президенти Африка континентине, анын ичинде Мисирге жасаган биринчи расмий сапары болот.
Сапардын алкагында Садыр Жапаров Мисирдин президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси менен сүйлөшүү жүргүзөт.
Эки өлкө экономика, айыл чарба, инвестиция, энергетика, саламаттыкты сактоо жана башка багыттар боюнча бир катар документтерге кол коет.



