
Жарыяланган
2025-27-11, 11:33Ошто үч акча алмаштыруу жайынын лицензиясы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Өзгөн шаарындагы «Валюта ММА» ЖЧКсынын лицензиясы 1-декабрга чейин, Ош шаарындагы «Валюта Групп» акча алмаштыруу бюросунун лицензиясы 4-декабрга чейин, ал эми «Глобал Валюта» бюросунун лицензиясы 5-декабрга чейин убактылуу токтотулду. Аталган жайлар мыйзамдарды жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы белгиленген.
Инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгы менен Өзгөн районунда жайгашкан дагы бир акча алмаштыруу бюросуна 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.



