
Жарыяланган
2026-20-05, 12:04Улуттук банктын талаптарынын бузулушуна байланыштуу үч акча алмаштыруу жайынын лицензиясын убактылуу токтотулду. Бул тууралуу аталган банк билдирди.
16-майдан 30-майга чейин Бишкектеги “Экспо Гранд плюс” жана “Береке Люкс” аттуу акча алмаштыруу жайларынын лицензиялары токтотулду.
Ошондой эле Чүй облусунун Кант шаарындагы “НКА” три семерки акча алмаштыруу жайынын лицензиясы 16-майдан 20-майга чейин токтотулду.
Мындан тышкары, Бишкек шаарындагы дагы үч акча алмаштыруу жайына ар бирине 55 миң сомдон айып салынды.
Ал эми Бишкекте Улуттук банктын лицензиясы жок чет элдик валютаны накталай алмаштырган Кыргызстандын бир жаранына 17.5 миң сом айып пул салынды.



