
Жарыяланган
2026-05-02, 11:20Ош шаарында 12 акча алмаштыруучу жайынын ар бирине 55 миң сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар мыйзамдарды жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол берген.
Акча алмаштыруучу жайлардын аты аталган эмес.



