Akchabarsearch
Бишкекте үч акча алмаштыруучу жайдын лицензиясы убактылуу токтотулду

Жарыяланган

2026-21-05, 12:10

Бишкекте үч акча алмаштыруучу жайдын лицензиясы убактылуу токтотулду

Улуттук банк мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Бишкектеги үч алмашуу бюросунун ишине убактылуу чектөө киргизди. Бул тууралуу аталган билдирди.

2026-жылдын 21–23-май күндөрү төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензиялары токтотулду:

•    «Нурсан Про» ЖЧК (Абдрахманов көч., 144) 
•    «Адекс Кэш» ЖЧК (Москва көч., 100) 
•    «Арча Моней» ЖЧК (Абдрахманов көч., 144/7) 

Маалыматка ылайык, чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын талаптарын сактабагандыктан кабыл алынган.
 


Тектеш материалды окуу