Akchabarsearch
Улуттук банк Оштогу эки акча алмаштыруучу жайдын лицензиясын 10 жана 15 күнгө токтотту

Жарыяланган

2026-24-08, 16:35

Улуттук банк Оштогу эки акча алмаштыруучу жайдын лицензиясын 10 жана 15 күнгө токтотту

Улуттук банк мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Оштогу эки акча алмаштыруучу жайдын лицензиясын убактылуу токтотту.

«Айыл Финанс» ЖЧКсына таандык акча алмаштыруучу жайдын лицензиясы 21-августтан 30-августка чейин, 10 күнгө токтотулду.

Ал эми «Капитал Нур» ЖЧКсынын лицензиясы 15 күнгө — 21-августтан 4-сентябрга чейин токтотулду. Аталган акча алмаштыруучу жай да Ош шаарында жайгашкан.

Компаниялардын кандай мыйзам бузууларга жол бергени көрсөтүлгөн эмес.


Тектеш материалды окуу