Akchabarsearch
Ошто №38 мектепти капиталдык оңдоого дээрлик 136 млн сом бөлүнөт

Жарыяланган

2026-02-07, 10:43

Ошто №38 мектепти капиталдык оңдоого дээрлик 136 млн сом бөлүнөт

Ош шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы №38 орто мектептин имаратын капиталдык оңдоого мамлекеттик сатып алуу жарыяланды. Тендерди Ош шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы өткөрүп жатат. 

Долбоордун жалпы баасы 135.9 млн сомду түзөт.

Тендердин шарттарына ылайык, оңдоо иштери келишим түзүлгөндөн кийин 90 календардык күндүн ичинде бүткөрүлүшү керек.

Катышуучу компаниялар ушул сыяктуу социалдык объектилерди куруу же капиталдык оңдоо боюнча 135 млн сомдон кем эмес тажрыйбасын ырастап, тиешелүү лицензиясы, квалификациялуу адистери жана курулуш техникасы бар экенин көрсөтүшү зарыл.

Ошондой эле келишимдин суммасынын кеминде 50%ына барабар финансылык мүмкүнчүлүгүн тастыкташы керек.

Төлөм объект толугу менен кабыл алынгандан кийин жүргүзүлөт. Аванстык төлөм каралган эмес. Тендердик сунуштар 6-июлга чейин кабыл алынат.
 


Тектеш материалды окуу