Жарыяланган
2025-08-07, 09:20Ош шаарында “Россия нефть” май куючу жайы бузулууда.
Маалыматка ылайык, Н. Исанов көчөсүнүн жээгиндеги, Ак-Буура дарыясынын корук аймагына курулуп калган коммерциялык жана башка багыттагы курулуштарды алуу каралган. Бузуу иштери “Россия нефть” май куючу бекетинен башталды. Андан ары да соода түйүндөр, унаа жуучу жайлар жана башка курулуштар алып салынат.
Бошотулган жер аянттарынын ордуна Вахапов көчөсүнө чейин толук эс алуу аймагы курулуп, жашылдандырылат.